SerepTV Logo

Кытай «Эркечтам» жана «Торугарт» аркылуу өткөн автотранспорттун санын жогорулатууга даяр

Кытай «Эркечтам» жана «Торугарт» аркылуу өткөн автотранспорттун санын жогорулатууга даяр
Кытай «Эркечтам» жана «Торугарт» аркылуу өткөн автотранспорттун санын эртең, 3-декабрдан тарта жогорулатууга даяр. Кечээ премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиковдун Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ду Дэвэнь менен кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Элчи белгилегендей, кыргыз тараптын бир нече ирет кайрылуусуна ылайык, ошондой эле Новиков менен 25-ноябрдагы жолугушуусунан соң, «Эркечтам» жана «Торугарт» аркылуу өткөрүүнү жогорулатуу боюнча бир катар кеңешмелер өткөрүлгөн. Алардын жыйынтыгы боюнча кытай тарапка иш убактысын 12 саатка жогорулатуу, көзөмөл-өткөрүү пунктун дем алышка карабай, күн сайын иштөөгө өткөрүү сунушталган. Автотранспорттун санынын көбөйүшү суткасына 30 машинаны түзүшү ыктымал. Жыйынтыгында Новиков Бажы кызматына, УКМКнын Чек ара кызматына көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин кытай тарап менен биргелешип иштөө режимине өткөрүү тапшырмасын берди.
admin@supertv.kg