SerepTV Logo

«Күрөш уланат! Мокобогула!»: Али Токтакунов Матраимовго чыккан өкүм боюнча билдирүү жасады

«Күрөш уланат! Мокобогула!»: Али Токтакунов Матраимовго чыккан өкүм боюнча билдирүү жасады
Иликтөөчү журналист Али Токтакунов өзүнүн социалдык тармактагы баракчалары аркылуу Райымбек Матраимовго чыккан соттун чечими боюнча видеокайрылуу жасады. Анда ал Садыр Жапаровдун бийлиги Матраимовду калкалап, ээн-эркин элден уурдай беришине жол ачканын айтып, Жапоровдун буга чейинки элге “Райым миллион камалат”,- деген убадасы курулай сөз боюнча калганын билдирген. "Бийлик миллиондогон элдердин бетине түкүрдү.  Бүгүнкү соттун чечими коррупциянын гүлдөп-өнүгүшүнө жол ачты. “260 миң сом” Райым үчүн эмне? Бул анын элден уурдаганынын 0,001 пайызына да жетпейт. Керек болсо бул анын аялынын бир эле көйнөгүнүн баасы. Бүгүнкү күндө эми дагы деле Матраимовдор рейдерлик жол менен тартып алган кирешелүү бажы терминалдарын иштете беришет. Матраимовдун туугандары, жек-жаат, достору бажыдан кеткен жок. Анын коррупциялык схемасы талкаланбады. Эми тескерисинче гүлдөп-өнүгүшүнө жол ачылды",- деп билдирүү тараткан иликтөөчү журналист. Билдирүүсүнүн соңунда Токтакунов бирок эл бийликтин мындай кадамдарынан мокобошу керектигин айтып, "Коррупциялык иштерди токтотууга коомчулук бирге турушу керек",-деп жыйынтыктаган. Белгилей кетсек, кечээ, 11-февраль күнү  Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду айыптуу деп таап, тергөө менен кызматташканынын негизинде 260 миң сомдук айып пул салган. Ал эми журналист Али Токтакунов буга чейин, Матраимов тууралуу бир канча журналисттик иликтөөлөрдү жасап, анын мыйзамсыз иштерин аныктап, кызматтынан пайдаланып коррупциялык схемаларды түзүү менен өлкөнүн казынасынан миллиардаган акчаларды уурдагандыгын айткан болчу.
Unknown Author