SerepTV Logo

Кыргызстанга Олимпиада спортчулары кайтып келишти (сүрөт)

Кыргызстанга Олимпиада спортчулары кайтып келишти (сүрөт)
Токиодогу Олимпиада оюндарына Кыргызстандын намысын коргоо үчүн кеткен спортчулар өлкөгө кайтып келишти. Кыргызстандын олимпиада спортчулары бар учак саат 12:45те "Манас" аэропортуна конду. Аларды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча министри Кайрат Иманалиев, спортчулардын ата-энелери, туугандары, машыктыруучулары жана күйөрмандары тосуп алышты. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="67535,67536,67537"]