Кыргызстанга коронавирустун жаңы штаммы келдиби? Эпидемиолог жооп берет
Кыргызстандык жаш хирург, блогер Эрмек Исмаилов көптөгөн тааныштары белгисиз вирус менен ооруп жатканын соцтармактагы баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, ал оорунун белгилери коронавируска окшош болууда: тааныштарынын дене табы 39 градуска чейин көтөрүлүп, катуу жөтөл, алсыздык жана сөөктөрүндө ооруксунуу белгилери бар.
"Симптомдору боюнча COVID-19, бирок алар баары тең жайында коронавирус жугузуп алып, ооруп айыгышкан. ПЦР-тесттери таза чыгып жатат. Бул ошондо коронавирустун жаңы штаммыбы, же мезгилдик курч респиратордук вирустук инфекциябы? Силерди же силердин тааныштарыңарды жогорудагыдай белгилер тынчсызданткан жокпу?" - деп суроо салат жаш дарыгер.
Мындан улам Сереп Медиа маалымат агенттиги "Өлкөдө коронавирустун жаңы штаммы болушу мүмкүнбү?" деген суроо менен эпидемиолог, медицина илимдеринин доктору Зуридин Нурматовго кайрылды.
"Биринчиден, британ штаммы же башка жаңы штамм бизге эбак эле жеткен болушу мүмкүн, анткени биз анын бары-жогун аныктай албайбыз. Бизде аны аныктай ала турган лаборатория да жок. Андай лабораторияны Канада мындан 10 жыл мурун Кыргызстанга куруп берем деп, 60 миллион доллар бөлсө, бейөкмөт уюмдар "ошол жерден Кыргызстанга вирус таратышы мүмкүн" деп ызылдап чыгышып, курулбай калган. Ошондон бир жумадан кийин Тажикстан өзүнө курдуруп алды.
Экинчиден, коронавирустун өзүнүн эле 20дан ашык түрлөрү бар, алар да так ушундай симптомдорду чакырат. Бул таң калычтуу эмес, кадимки көрүнүш.
Үчүнчүдөн, жаратылышта адам бир оору менен ооруп, иммунитет пайда болгондон кийин эч качан кайра ал оору менен оорубайт. Лабораториядан эч кандай антитело иштелип чыкпаптыр десе да оорубайт. Себеби, организмде иммунологиялык эс-тутум деген болот. Алар адамдын организмине вирус киргенде антитело иштеп чыгып, дароо вирусту өлтүрөт. Кайра жуга турган бир гана учур бар: эгерде вирус жуккан адам ВИЧ/СПИД менен ооруп аткан болсо, иммундук системасы такыр иштебей калган болсо, мына ошол учурда гана антитело иштелип чыкпай калат.
Төртүнчүдөн, дүйнөдө бир дагы тест система 100 пайыз туура көрсөтпөйт. Эң жакшы деген бир гана тест система бар, ал дагы 95 пайызга кепилдик берет. Бул миң адам тесттен өтсө, ошонун элүүсүнүкү туура эмес чыгышы мүмкүн дегенди билдирет. Ошол учурда оорубаган адамды ооруду деп, же тескерисинче көрсөтүп коюшу мүмкүн. Ошондо кайра жугузуп алыптыр деген жаңылыш ойлор жаралат", - деп билдирди эпидемиолог.