Кыргызстанга коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн туристтер кире алышат
Коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн чет элдик туристтер Кыргызстанга келе алышат. Бул тууралуу Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова маалымат жыйынында билдирди.
Жай айында Кыргызстандын керемети болгон Ысык-Көлгө келген туристтердин саны артат. Пандемия учурунда абалды курчутуп албоо үчүн чектөөлөр киргизилет. Ушул жума ичинде чет элдик жана жергиликтүү туристтерге өлкө боюнча жүрүүгө мүмкүнчүлүк берген иш-чаралардын төртүнчү алгоритми кабыл алынат. Документке Тышкы иштер министрлигинде кол коюлуп, андан кийин эл аралык “Манас” аэропортуна жөнөтүлөт. Элдин коопсуздугу үчүн туристтик жайларга санитардык нормалар жана эрежелерди сактоо боюнча талаптар киргизилет.
Учурда Кыргызстанга 33 мамлекеттин жарандары келе алат. Чет өлкөлүк жарандардын чек арадан кургактык менен өтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселе дагы каралып жатканын Туризм департаментинин директорунун орун басары кошумчалады.