Кыргызстанга келген туристтерден коронавируска каршы вакцина алуу талап кылынбайт
Кыргызстандын аймагына кирген туристтерден коронавируска каршы вакцина алгандыгын тастыктаган сертификат милдеттүү түрдө талап кылынбайт. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Республикалык ыкчам штаб дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясына каршы вакцинациялоо ыктыярдуу түрдө жүргүзүлүп жатканын белгилеген. Бирок чет элдик коноктордун коронавируска тапшырган ПЦР-анализи сөзсүз каралат. Учурдагы алгоритмдерге ылайык, тесттин терс жыйынтыгы үч суткага чейин эле жарактуу деп эсептелинет.