Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын шприцтери келди (сүрөт)
COVAX Глобалдык механизминин алкагында Кыргызстанга калкты эмдөө үчүн сарпталуучу материалдар келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, өлкөгө 423 миң шприц жана 3 миң 825 шприцтерди коопсуздандыруучу кутулар келген. Келген материалдарды андан ары таркатуу жана пайдалануу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилген. Механизмдин алкагында Кыргызстанга май-июнь айларында коронавируска каршы 405 миң доза AstraZeneca вакцинасы келет. Учурда өлкөдө кытай вакцинасы менен эмдөө жүрүп жатат.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="38803,38804,38805"]