Кыргызстанга 8000 даана ПЦР-тесттери алып келинди
Европа Биримдиги Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине коронавирус менен күрөшүү үчүн 100 миң евро каражат жана 8000 даана ПЦР-тесттерин бөлүп берди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жеке коргонуучу каражаттар жана ПЦР-тесттер Евро Биримдик тарабынан каржыланган 53-долбоорунун (P53) алкагында берилген. Долбоордун буга чейинки баскычтарында кыргызстандык дарыгерлер ковидди дарылоо боюнча окутуудан өтүшкөн.
Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Эдуард Ауэр Евро Биримдик Кыргызстанга COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө биринчи болуп жардам көрсөткөнүн белгиледи.
Белгеилей кетсек, Евро Биримдик ковид менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга жалпысынан 43 миллион евро бөлгөн.