Кыргызстанга 1,5 миллион китеп келди
Эл аралык USAID уюмунун «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун алкагында Кыргызстандын окуучуларына 1,5 миллион китеп берилди. Бул тууралуу АКШнын өлкөдөгү элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 18-мартында АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун жыйынтыктары жана жетишкендиктери менен тааныштырды. Долбоор Билим берүү жана илим министрлиги жана Маданият, информация жана туризм министрлиги менен биргеликте ишке ашырылды. Беш жылдын ичинде долбоор өлкө боюнча башталгыч класстарда китеп окууга үйрөтүүнүн инновациялык усулдарын киргизди.
Долбоордун алкагында USAID мектептерге 1,5 миллиондон ашуун сапаттуу окуу материалдарын тапшырды.
"Бул китептер башталгыч класстардын окуучулары кызыктуу жана сапаттуу окуу материалдары менен камсыз болуу үчүн өлкө боюнча 900 мектепке берилди. Алар кыргызстандык авторлордун жана сүрөтчүлөрдүн жардамы менен иштелип чыкты",- деп айтылат маалыматта.