SerepTV Logo

Кыргызстанга 1 миң 296 баш бодо мал жана жылкыны мыйзамсыз киргизүү аракети катталды

Кыргызстанга 1 миң 296 баш бодо мал жана жылкыны мыйзамсыз киргизүү аракети катталды
Кыргызстанга 1 миң 296 баш бодо мал жана жылкыны мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарында ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден ири мүйүздүү малды жана жылкыны тийиштүү уруксат берүүчү документтерсиз ташуу фактысын аныкташты. Атап айтканда, 10 күндүн ичинде Кыргызстан аймагына 1 миң 189 ири мүйүздүү малды жана 107 жылкыны мыйзамсыз ташуу аракети аныкталды. Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө бардык коштоочу документтери, ошондой эле салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болгон. Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык чараларды көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди.
Unknown Author