"Апамдын каттамасы" туризм рыногунда өзгөчөлүк жаратуучу катары сыйланды
Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын туризм рыногунда өзгөчөлөнгөн адамдар сыйланышты. Алардын арасында Бурулкан апа дагы бар. Ал Кемин районунун Чолок айылында, Ысык-Көлгө кетчү жолдо жайгашкан белгилүү "Апамдын каттамасы" чайханасынын негиздөөчүсү.
Дем алыш күндөрү "Рух Ордо" маданий борборунун аймагында эл аралык Ысык-Көл-ITF туристтик көргөзмө-жарманкеси болуп өттү. Бүткүл дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясынын негиздөөчүсү Асхат Акибаевдин айтымында, иш-чара "Мен көчмөнмүн" демөөрчүлүгү астында тарыхый мурасты сактоо, уникалдуу маданияттардын ар түрдүүлүгүн жандандыруу, элдердин руханий, маданий жана конфессиялар аралык жакындашуу максатында өткөрүлгөн.
Бурулкан ападан тышкары, "Шоро" компаниясынын жана "Супара" этникалык комплексинин негиздөөчүсү, маркум Табылды Эгембердиевдин жубайы Жаңылсынзат Эгембердиев сыйланды. "Як-Тур-Каракол" туристтик компаниясынын негиздөөчүсү Валентина Деревянко Кыргызстанда биринчилерден болуп альтернативдүү экотуризмди, рекреациялык спортту жана кулинардык туризмди жайылта баштаган. Алмаз Акунов - Кыргыз Республикасынын Салбуурун федерациясынын президенти.
