SerepTV Logo

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшөт

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшөт
Москвада чет элдик дипломаттар орусиялык "Sputnik V" коронавируска каршы вакцинасы менен эмделе башташты. Алардын ичинде Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлери да бар. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин милдетин аткаруучу Айдит Эркин билдирди деп жазат "ТАСС" агенттиги. «Биз Россиянын Тышкы иштер министрлигинен нота аларыбыз менен, дароо тизмелерди түзө баштадык. Бизге мындай мүмкүнчүлүк бекер берилгендиги үчүн биз Орусия тарапка ыраазыбыз",- деди Айдит Эркин. Бардык дипломаттар COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн. «Sputnik V" жөнүндө сын-пикирлер жакшы жана башка өлкөлөр аны сатып алууда. Менин оюмча, элчиликтерге да эмдөө сунушталганы туура чечим», - деп сөзүн жыйынтыктады дипломат.
edita