Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин Бишкекке келгени айтылууда
Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин Бишкекке кайрадан учуп келгени айтылууда. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.
Москвадан келген учак бүгүн, 14-декабрда саат 4:40та “Манас” аэропортуна конгон. Аскар Акаев мекенине уулу Илим менен учуп келген. Мурдагы президент Кумтөр иши боюнча суракка чакырылабы же жокпу азырынча белгисиз.
2005-жылы Март окуясында бийликтен куулгандан бери Аскар Акаев Кыргызстанга ушул жылдын август айында биринчи жолу учуп келип, ал тергөө менен кызматташууга келгенин билдирген эле.