Кыргызстандын медициналык окуу жайлары Пакистандын кара тизмесинен чыгат
Кыргызстандын медициналык окуу жайлары Пакистандын кара тизмесинен чыгат. Маселе министр Алмазбек Бейшеналиевдин Пакистанга болгон иш сапары жана Медицина комиссиясынын президенти Ардаш Таки менен жолугушкандан кийин чечилген.
Кыргызстандын окуу жайлары төмөндөгүдөй тизмеге кирди:
- А — эл аралык, көз карандысыз аккредитациядан өткөн окуу жайлары;
- В — көз карандысыз аккредитациядан өтүп, бирок эл аралык аккредитациядан өтпөгөн окуу жайлар;
- С — аккредитацияланбаган жана жаңы ачылган медициналык окуу жайлар.