Кыргызстандын медициналык окуу жайлары Пакистандын кара тизмесинен чыгарылабы?
Кечээ, 16-февраль күнү Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистанга болгон жумушчу сапарында аталган өлкөдөгү кесиптеши Билим берүү министри Шафкат Махмуд жана Жогорку билим берүү боюнча комиссиянын төрагасы Тарик Банури менен жолукту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, эки тараптын жолугушусунун жүрүшүндө орто жана жогорку билим берүү, кесиптик билим берүү, эки өлкөнүн университеттеринин ортосунда тажрыйба алмашуу, биргелешкен илимий-изилдөө жана тажрыйба алмашуу жаатында кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашкан. Ошондой эле Пакистан студенттеринин Кыргызстанда окутуу үчүн шарттарды жакшыртуу маселелери да каралып, Кыргызстандын медициналык университеттерин Пакистандын медициналык комиссиясынын кара тизмесинен чыгаруу жолдору да сүйлөшүлгөн.
Белгилей кетсек, Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын былтыркы жылдын октябрь айларында кара тизмеге киргизген. Анын себебин Кыргызстандын Билим берүү министрлиги Кыргызстанда окуп кеткен пакистандыктардын дипломдору өз өлкөсүндө таанылбай жана алардын 90 пайызы Пакистан медициналык кеңешинин милдеттүү сынагынан өтө албай жаткандарын айткан болчу.