SerepTV Logo

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,9 миллиард долларды түзөт

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,9 миллиард долларды түзөт
2021-жылдын 31-январына карата өлкөнүн карызынын көлөмү тышкы жана ики карызды кошкондо 4 миллиард 954 миллион долларды түзөт. Ал эми бул сумманы сомго айландырганда 420 миллиард 108,67 миллион сом болот. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 4миллиард 954 миллион доллар карыздын ичинен 85,2 пайызы мамлекеттик тышкы карыз: 4 221,61 миллион доллар (357 992,44 млн сом). Ал эми мамлекеттик ички карыз болсо: 732,50 миллион доллар (62 116,23 млн сом).

Unknown Author