SerepTV Logo

Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери Михаил Медведев коронавирустан көз жумду

Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери Михаил Медведев коронавирустан көз жумду
Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери Михаил Медведев кечээ, 5-апрелде коронавирустан каза тапты. Маалыматты Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев тастыктады. Анын айтымында, Медведев ооруканага 19-мартта келип түшкөн. «Анын абалы өтө оор болчу. Соңку күндөрү жакшы болуп келе жаткан. Бирок капыстан ден соолугунда жаңы көйгөйлөр жаралып, аны жоготуп алдык»,- деди ал. Михаил Медведев — профессор, Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, Кыргыз-Орус славян университетинин кафедра башчысы болчу.
edita