Кыргызстандын биринчи айымы коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Сүрөт
Президент Садыр Жапаровдун жубайы, биринчи айым Айгүл Жапарова коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.
Айгүл Жапарованын өзүн жакшы сезип жаткандыгы айтылды. Ага вакцинанын алынган убактысы жана дозасы жөнүндө маалымат жазылган эмдөө картасы тапшырылды. Буга чейин мамлекет башчынын өзү эмдөөдөн өтө электиги маалымдалган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда эмдөө өнөктүгү башталгандар бери 77 миң 481 адам эмделди.
