SerepTV Logo

"Air Manas" компаниясы Грузияга чартердик каттамда учуп баштады

"Air Manas" компаниясы Грузияга чартердик каттамда учуп баштады
Кыргызстандын "Air Manas" авиакомпаниясы Бишкек-Батуми-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамда учат. Бул тууралуу Грузиянын Экономика жана туруктуу өнүгүү министри Натия Турнава билдирген. Air Manas бүгүн, 18-июндан тарта аталган багыт боюнча учуусун баштады. Кыргызстандык авиакомпания 1-ноябрга чейин жумасына бир жолу — жекшемби күнү — каттап турат.
Unknown Author