Кыргызстандын 7 жараны Тажикстандын күч органдары тарабынан кармалганы маалым болду
Кыргызстандын 7 жараны Тажик тараптан кармалды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев бүгүн, 16-декабрда АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, кыргызстандыктар чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалган. "Аларды мекенине кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», - деди Алимбаев.