Кыргызстандыктар RG Brands менен биргеликте жардамга муктаж үй-бүлөлөргө 2,7 миллион сом чогултту
Ыйык Орозо айында Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам акциясы өттү. Кайдыгер эмес адамдардын жардамы менен өлкө боюнча 2 700 000 сом чогулта алды. 780 “жакшылык куржуну” чогултулуп, жардамга муктаж көп балалуу жана толук эмес үй-бүлөлөргө тапшырылды.
Ар бир куржун – жамааттык катышуунун натыйжасы. Эки ай ичинде RG Brands компаниясынын тиешелүү азыктарын сатып алуу менен кыргызстандыктар муктаждар үчүн жылуулук жана камкордук жөнөтүп жатышты. Ар бир активдештирүүдөн 1 сом - автоматтык түрдө азык-түлүк себеттеринин түзүлүүсүнө кетип жатты. Piala Gold чайы, DaDa ширеси, AVA лимонады, A’SU суусу же Pepsi суусундугун тандоо менен ар бир сатып алуучу жакшы иштин бир бөлүгү боло алды. Бул сатып алуулар жалпы жакшылык үчүн салым болду.
Жардам Кыргызстан боюнча төмөндөгүдөй жөнөтүлдү:
- Ош облусуна 110 куржун чогултулуп, тапшырылды;
- Жалал-Абад облусуна 110 куржун чогултулуп, тапшырылды;
- Чүй облусуна 110 куржун чогултулуп, тапшырылды;
- Нарын облусуна 80 куржун чогултулуп, тапшырылды;
- Талас облусуна 80 куржун чогултулуп, тапшырылды;
- Баткен облусуна 80 куржун чогултулуп, тапшырылды;
- Ысык-Көл облусуна 80 куржун чогултулуп, тапшырылды;
- Бишкек шаарына 130 куржун чогултулуп, тапшырылды.