SerepTV Logo

Кыргызстандыктар кайра шайлоо өткөрүү үчүн кол топтой башташты

Кыргызстандыктар кайра шайлоо өткөрүү үчүн кол топтой башташты

Change.org порталында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жана жаңысын дайындоо боюнча петиция түзүлдү.

Анда БШК добуш берүү аяктагандан кийин добуш берүүнүн жыйынтыгын массалык түрдө бурмалаганы айтылат. «Жаңы жыйынтыкка ылайык, азыр парламентке бийликке лоялдуу партиялар жана талапкерлер гана өтүүдө. Бирок дал ушул добуштарды алдын ала эсептөөдө адам факторунун жоктугу БШКнын учурдагы шайлоо системасынын ишенимдүүлүгүнө аргумент катары көрсөтүп келет. БШК ошондой эле система ар кандай каталардан жана тышкы кийлигишүүлөрдөн корголгон деп ырастады. Шайлоо участкаларынан келген протоколдор дагы деле байкоочуларга жана шайлоого катышуучуларга жеткиликтүү эмес, - деп айтылат кайрылууда.

Кайрылуу түзүүчүлөр кайра шайлоо өткөрүүнү, БШКнын курамын өзгөртүүнү, «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партияларынын тизмесинде турган талапкерлерди шайлоого катыштырбоо, ошондой эле пара менен кармалгандардын шайлоого катышуусуна жол бербөөнү талап кылышууда. .