SerepTV Logo

Кыргызстандык окуучулардын командасы биология боюнча эл аралык олимпиадада биринчи орунду ээледи

Кыргызстандык окуучулардын командасы биология боюнча эл аралык олимпиадада биринчи орунду ээледи

10–17-майда быйыл биринчи жолу Орусиянын Сочи шаарындагы “Сириус” билим берүү борборунун базасында биология боюнча Open International Biology Olympiad (OIBO 2025) аттуу эл аралык олимпиада өттү. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандын курама командасы жогорку даярдыкты көрсөтүп, 1 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медаль жеңип алышты. Мындан тышкары, командалык долбоордук турда 1-орунду ээлеп, алтын медаль менен сыйланышты.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="285407,285408,285409,285410,285411"]