Кинорежиссёр жана сценарист Самир Жапаров 68 жашында дүйнө салды
Кинорежиссёр жана сценарист Самир Жапаров катуу оорудан улам көз жумду. Бул тууралуу 16-июнда Кинематография департаментинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, Самир Жапаров 10-июнда 68 жаш курагында каза тапты.
Маркум кыска метраждуу жана даректүү фильмдердин автору болгон. Анын "Космонавттын көчмөнү" аттуу тасмасы бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган. 1984-жылы аталган тасма “Оскар” сыйлыгына номинант болгон. 1984-жылы АКШнын Киноакадемиясынын "Алтын Бүркүт" атайын сыйлыгын, 1983-1984-жылдары Германияда жана Испанияда өткөн бир катар эл аралык кинофестивалдарда Гран-при алган.