Кыргызстандык футболчу кыз дүйнөлүк футболчулардын "MERIT AWARD" сыйлыгына көрсөтүлдү
Кыргызстандык футболчу кыз Айдана Оторбаева дүйнөлүк "MERIT AWARD" сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу футболчу кыз өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты.
Анда ал профессионал футболчулардын бүткүл дүйнөлүк уюму аны (FIFpro) өзүнүн сыйлыгына көрсөтүп жатканын айткан.
"Достор, силер менен сонун жаңылыкты бөлүшкөнүмө кубанычтамын. FIFpro уюмунан дүйнөлүк "MERIT AWARD" наамына талапкер болдум. Жыйынтыгы бейшемби күнү белгилүү болот", - деп билдирди Оторбаева.