Кыргызстандык эки балбан кадеттер арасында дүйнө чемпиону болушту
Кыргызстандык спортчулар Раззак Бейшекеев менен Нуристан Сүйөркулов кадеттер арасында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болушту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн расмий сайтында маалымдалды.
Күрөш боюнча мелдеш Будапештте (Венгрия) өтүп жатат.
Маалыматка караганда, Нуристан Сүйөркулов 51 килограммга чейинки салмак ченинде жеңишке жетишкен. Ал Венгрия, Орусия жана Грузиянын спортчуларын жеңип, финалга чыккан. Алтын үчүн финалдык беттеште ал Украинанын өкүлү Юрий Товт менен кез келип, 3:1 эсебинде жеңишке жетти.
Раззак Бейшекеев 60 килограммга чейинки салмак категориясында алтын жеңип алды. Ал Казакстан, Германия жана Индиянын балбандары менен беттешкен. Финалда спортчу Ирандык спортчуну 4:1 эсебинде жеңип алды. Нурболот Бердикулов 45 килограммга чейинки салмак ченинде Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси болду.
Посмотреть эту публикацию в Instagram