Жигит менен таанышып, эч кимге айтпай Орусияга кеткен 20 жаштагы кыргыз кыз жакындарына тапшырылды
Бир жумадан бери дайынсыз болуп жаткан 20 жаштагы Айдана Сатыбалдиева аттуу кыргызстандык кыз Орусиянын аймагынан табылды. Маалыматты ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнөн тастыкташты.
Маалыматка караганда, кыз социалдык тармак аркылуу башка улуттагы жигит менен таанышып, ал аны Москвага чакырган. Кийин кыз бардык аккаунттарын өчүрүп, жакындарына айтпастан Москва шаарына учуп кеткен. Билетти болжолдуу түрдө ошол бала сатып берген.
21-май күнү кыз үйүнө келген эмес, 22-майдан тарта жакындары аны издеп баштаган. Ал эми 26-майда Айдана Сатыбалдиева Орусиянын аймагынан ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тарабынан табылып, жакындарына тапшырылган.