SerepTV Logo

Кыргызстандагы Тажик жарандары кайсы пункттар аркылуу чыга алышат?

Кыргызстандагы Тажик жарандары кайсы пункттар аркылуу чыга алышат?
Кыргызстандын аймагында жүргөн Тажикстандын жарандары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы 5 көзөмөл-өткөрүү пунктунан өтсө болот. Бул маалыматты 27-майда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Кыргызстандан чыга турган пункттар: – «Кулунду - унаа жолу»; – «Кайрагач - унаа жолу»; – «Кызыл-Бел - унаа жолу»; – «Бор-Дөбө - унаа жолу»; – «Карамык - унаа жолу». Буга чейин Кыргызстандын Министрлер кабинети Тажик жарандарын өлкө аймагына өткөрүүгө байланышкан убактылуу чектөөлөрдү киргизген болчу. Убактылуу чектөөлөр дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын кызматкерлерине тиешелүү эмес.
Unknown Author