SerepTV Logo

Кыргызстандагы ЖОЖдорго онлайн режиминде кантип тапшыруу керек? Министрликтин жообу

Кыргызстандагы ЖОЖдорго онлайн режиминде кантип тапшыруу керек? Министрликтин жообу

Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров өлкөнүн жогорку окуу жайларына кирүү сынагына кантип катышуу керектигин айтып берди.

Анын айтымында, сынакка катышуу үчүн талапкерлер www.2020.edu.gov.kg веб-сайтындагы «Абитуриент онлайн» автоматтык маалыматтык тутуму аркылуу билдирме бериши керек. "Сайтта ЖОЖдорго кирүү үчүн онлайн режиминде каттоо, бардык видео көрсөтмөлөр жүктөлүп, абитуриенттерге дагы, мектеп директорлоруна дагы жеке кабинетке кирүү үчүн логин жана сыр сөздөр берилген. Бардык ЖОЖдор жеке кабинетине кирүүгө мүмкүнчүлүк алышты. 2021-2022-жылдарга студенттерди кабыл алуу планын жаңыртуу боюнча иштерди жүргүзүштү», - деди Нурлан Өмүров.

Ал мындан тышкары, бүгүнкү күндө бүтүрүүчүлөрдүн 94 пайызы порталга катталганын билдирди. Министрдин орун басары ошондой эле Исхак Раззаков атындагы КМТУнун базасында республиканын жогорку жана орто окуу жайларына онлайн режиминде окууга техникалык жана консультациялык колдоо көрсөтүү үчүн 1818 кыска номери иштеп жаткандыгын кошумчалады. Чалууга акы алынат. 

Онлайн режиминде катталуу боюнча бардык суроолорду abiturientonline2021@gmail.com электрондук дарегине жөнөтсөңүз болот. Сынакка ЖРТдан босого баллдан жогору упай топтогон талапкерлер гана катыша алышат.