SerepTV Logo

Кесиптик орто билим берчү окуу жайлардагы бюджеттик орундардын саны бекитилди

Кесиптик орто билим берчү окуу жайлардагы бюджеттик орундардын саны бекитилди
2021-2022-окуу жылына кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарына окууга кабыл алуу үчүн адистиктердин тизмеги жана бюджеттик орундардын саны бекитилди. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. 2021-2022-окуу жылына 4131 бюджеттик орун бөлүнгөн. Министрлик жана ведомстволордун билдирмелерине ылайык бюджеттик орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: - Билим берүү жана илим министрлиги - 2309 орун; - Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги - 1335 орун; - Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги - 427 орун; - Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги - 60 орун.