SerepTV Logo

Өлкөдөгү 9 оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмдөрү оңдолот

Өлкөдөгү 9 оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмдөрү оңдолот
Кыргызстанда тогуз оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүн оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Алардын айтымында, Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланган “COVID-19 оорусуна ыкчам чара көрүү” проектисинин алкагында жети оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө, ошондой эле Улуттук госпиталдын жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун COVID-19 оорусун дарылай турган бөлүмдөрүн оңдоо иштери башталды. Лейлек, Кочкор, Жайыл жана Өзгөн райондорунун аймактык ооруканаларында, Токмок жана Таш-Көмүр шаарындагы ооруканаларда жана Ош облустар аралык бириккен ооруканасындагы бөлүмдөр оңдолот. Каражат ММК фонду аркылуу саламаттыкты сактоо уюмдарына бөлүнгөн. Жалпы чыгым 78 миллион сомду түзөт.
edita