SerepTV Logo

Кыргызстанда январь айында алтындын экспорту азайды

Кыргызстанда январь айында алтындын экспорту азайды
Ушул жылдын январь айында былтыркыга салыштырмалуу алтын сатуу азайды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында белгиленди. Ага ылайык, 2021-жылдын биринчи айында жалпы баасы 29,1 миллион доллар турган 494 килограмм баалуу металл сыртка сатылган. Өткөн жылдын ушул мезгилинде 618,9 килограмм (30,8 миллион долларга) алтын экспорттолгон. Алтын сатуунун көлөмү кандай себеп менен азайганы айтылган эмес. Кыргызстандын алтынынын дээрлик баарын Улуу Британия сатып алат. Мындан сырткары, Италия гана 100 грамм алтын алган.
Unknown Author