SerepTV Logo

Кыргызстанда ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган 10,6 миң адам катталган

Кыргызстанда ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган 10,6 миң адам катталган

Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган 10 миң 644 адам катталган. Алардын 10 миң 59у Кыргызстандын жарандары. Бул тууралуу Республикалык "СПИД" борборунан билдиришти.

Аталган борбор жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде дүйнө жүзү СПИДден каза болгондорду эскерүү күнүн белгилей тургандыгын эске салды. Республикада ВИЧ-инфекциясы 2311 адамдын өмүрүн алды.

Бүгүнкү күндө ВИЧ өлүмгө алып келүүчү оору эмес. Антиретровирустук дары-дармектердин жардамы менен ал өлүм алып келүүчү оорудан өнөкөт ооруга өткөн.

"Эгерде ВИЧ-инфекциясы убагында аныкталып, көзөмөлгө алынса, анда адамдын өмүрүнө коркунуч туудурбайт. Ошондуктан эрте тестирлөөдөн өтүп, ден соолукка кам көрүү керек", - деп кошумчалашты борбордон.