SerepTV Logo

Кыргызстанда учурда коронавирустун 4 штаммы жайылган. Алар кайсылар?

Кыргызстанда учурда коронавирустун 4 штаммы жайылган. Алар кайсылар?
Кыргызстанда коронавирустун ар кандай түрлөрү катталган: 60% - британ штаммы, 39% - Орусия штаммы жана Индия, Түштүк Африка штаммдары да кездешүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башчысы Динагүл Оторбаева билдирди. Ал өткөн жылы коронавирустун эки толкуну болуп өткөндүгүн айтты. Биринчи толкун 2020-жылдын июль айында болгон. Экинчи толкуну октябрь, ноябрь айларында болгон. Үчүнчү толкуну ушул жылдын апрель айында башталган жана учурда дагы уланып жатат. “Биринчи толкун - оорулуулардын саны абдан көп болгон. Эң жогорку чеги 1600дөн ашты, бул расмий статистика. Экинчи толкун аздыр-көптүр туруктуу. Анда эң жогорку чек 600дөн ашты”, - деди ал. Оторбаева коронавирустун өсүшү жарандардын массалык иш-чараларга катышуусу, коомдук транспортто жүрүшү жана бет кап кийгендердин аздыгы менен байланыштуу экендигин белгиледи.
Unknown Author