Кыргызстанда өскөн дарбыздар сатыла баштады (видео)
Кыргызстандын жергиликтүү дарбыздары бышып, базар, дүкөндөрдүн текчелерине коюла баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Эң алгачкы дарбыздар Аксы районуна караштуу Кызыл-Жарда бышып, жергиликтүүлөрдү камсыздап жатат.
"Кызыл-Жардын дарбыздары шириндиги менен өзгөчөлөнүп, органикалык жол менен багылып, аны өстүрүүдө кошумча дары-дармектер колдонулбайт",- деп айтылат маалыматта.