Кыргызстанда орус тилинде окута турган мектептердин курулушу боюнча маселе көтөрүлдү
Кечээ, 8-июлда Билим берүү жана илим министрлигинде министр Болотбек Купешев менен Орусиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченконун жолугушуусу болуп өткөн. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Жолугушууда билим берүү жана илим жаатындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын маселелери талкууланып, кызматташтыкты бекемдөө боюнча мындан аркы пландар белгиленген. Жолугушуунун негизги темасы Кыргызстандын аймагында орус тилинде окута турган биргелешкен кыргыз-орус билим берүү уюмдарынын курулушу жана иштетилиши менен байланышкан маселе болду.
"Мындан тышкары, эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу жана кеңейтүү, Кыргызстандын жарандарынын алдыңкы орусиялык жогорку окуу жайларда билим алуусу үчүн квоталардын санын көбөйтүү, ошондой эле жаштарды маданий агартуу маселелеринде өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды",- деп айтылат маалыматта.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү жана илим жаатындагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө багытында биргелешкен аракеттерди жасоо тууралуу макулдашышкан. Ошондой эле тараптардын ортосундагы бардык маселелерди ыкчам жана сапаттуу чечүү үчүн мындай жолугушууларды такай өткөрүп туруу чечими кабыл алынды.