"Кыргызстанда мыйзамдар иштебейт". Түрк ишкери Кыргызстанга инвестиция салбоого чакырды
Бишкектеги түрктөрдүн "Таксим бир туугандар" кафеси жабылды. Бул тууралуу мекеменин ээси Али Ифлазоглу социалдык тармактардагы баракчасына видео кайрылуу жасап билдирди.
Анын айтымында, ал 14 жыл мурун аталган коомдук тамактануу жайын ачкан. Бирок аны Кыргызстанда коркутуп-үркүтүп кол салышкандыктан ишмердүүлүгүн токтотууну чечкен.
«Балким, бул менин Кыргызстандагы акыркы билдирүүм болсо керек. Мен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга кайрылам. 2007-жылы болгон жолугушууда сиз бизге ата-бабаларыбыздын жерине инвестиция салыңыз дегенсиз. Мен Кыргызстанга келип, акча салып, үй-бүлөлүк кафе ачтым. Кафеде жергиликтүү тургундар иштечү. Мен мамлекетке салык төлөчүмүн. Убагында бул бизнеске 470 миң доллар инвестиция кылгам. Уруксат кагазы үчүн 70 миң доллар төлөгөм. Эми учурда мен бул инвестициялардын ордуна эмне алдым? Учурда кафе жабылып, элүү адам жумушсуз калды. Ошондой эле имаратты сыртын бузуп жатышат, анын ордуна соода борборун курууну каалап жатыптыр жергиликтүү бийлик. Кыргызстанда мыйзамдар иштебейт ”,- деди ал.
Ошондой эле, түрк ишкери көп жерге кысым болуп жатканын айтып, кайрылганы менен эч кимден колдоо таппагандыгына нааразы болду.
«Биздин Түркия элчилиги бизге эч кандай жардам бербейт. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Кыргызстанга учуп келгенде, мен аны менен жолугуп, абалымды айтып бергим келген, бирок мага андай мүмкүнчүлүк берилген жок. Бул жерде бизнести эч ким коргобойт. Милиция дагы, сот дагы, акыйкатчы дагы, Кыргызстандын президенти дагы, Түркия элчилиги дагы ”, - деди Али Ифлазоглу.
Ал бир нече жолу коркутуулардан жана кол салуулардан аман калгандыгын да кошумчалады.
«Мага спорт менен машыккан жигиттер жана бандиттер келишет коркутуп-үркүтүп. Мындан тогуз жыл мурун менин үй-бүлөмө коркунуч жаралган. Мындай башаламандыктан мен бутуман ок да жегем. Мына эми, акыры, алар өз максаттарына жетишти, кафе жабылды», - деди ишкер.
Аны менен катар түрк ишкери мекендештерине Кыргызстанга инвестиция салбоого үндөдү.
«Мен Кыргызстанга инвестиция салууну пландап жаткан түрк жарандарына кайрылып жатам. Акчаны жөн эле талаага таштайсыңар. Мен бул жерде 14 жыл иштедим, бирок жыйынтыгында алар менин акчамды жеп кайра мени күнөөлүү кылышты. Сот жараяны болуп, бирок чечим өзгөрүүсүз калды. Африка ушул жердеби? Мыйзамдар кайда? Эгерде бул жака инвесторлор келсе, анда аларды тоноп кетишет. Жергиликтүү бийликтин бизнести коргоо жөнүндө сөздөрү куру калптар”, - деп сөзүн жыйынтыктады Али Ифлазоглу.