Кыргызстанда Луговая-Балыкчы темир жолун электрлештирүү пландалып жатат
"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы менен "Кытайдын №3 инженердик корпорациясынын темир жолдору" ЖЧКсынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Программанын алкагында Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолун куруу жана Луговая-Балыкчы темир жолун электрлештирүү боюнча инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Жакын арада Кытайдан Кыргызстанга делегация келип, алардын практикалык аткарылышын деталдуу талкуулашат.