Кыргызстанда кыргыз-араб илимий-изилдөө борбору түзүлүшү мүмкүн
Абу-Даби шаарында Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Бириккен Араб Эмираттарынын билим берүү министри Хусейн Ибрагим Аль-Хамади менен жолугушту.
Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен БАЭнин ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, Кыргызстанда кыргыз-араб биргелешкен илимий-изилдөө борборун түзүү мүмкүнчүлүгү, Бириккен Араб Эмираттарынын университеттериндеги стипендиялык программанын алкагында кыргыз студенттерине квота бөлүү жөнүндө сүйлөшүү болду.
Ошондой эле эки министрлик тарабынан уюштурулган жумушчу топторунун алкагындагы кызматташууну улантуу жөнүндө макулдашуулар жүрдү.