Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май бир айда 11,5 пайызга кымбаттады
Өлкө боюнча күйүүчү-майлоочу майдын чекене баасы бир айда 11,5 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Өлкөнүн 18 калктуу конушундагы АИ-92 бензининин жана дизель күйүүчү майынын баасына жүргүзүлгөн иликтөөгө ылайык, 11-мартка карата АИ-92 бензининин баасы орточо эсеп менен 42,63 сомду түзүп, өткөн айдын ушул күнүнө салыштырмалуу 11,5 пайызга өскөн. Ал эми дизель күйүүчү майынын баасы 40,87 сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 7,2 пайызга жогорулаган.
Ошол эле учурда бензиндин чекене баасынын кымбаттоосу Баткен (бир литр үчүн 47,12 сом), Исфана (бир литр үчүн 47 сом), Кербен (бир литр үчүн 44,37 сом), Ноокат (бир литр үчүн 43,80 сом), Ош (бир литр үчүн 43,43 сом), Кара-Суу (бир литр үчүн 43,20 сом), Өзгөн (бир литр үчүн 42,90 сом), Жалал-Абад (бир литр үчүн 43,00 сом) шаарларында байкалды. Ошол эле учурда Кара-Балта шаарында (бир литр үчүн 40,83 сом), Покровка айылында (бир литр үчүн 40,90 сом) жана Нарын шаарында (бир литр үчүн 41,00 сом) арзандоо байкалды.
Бензиндин баасы 11-февралдагы чекене баага салыштырмалуу Покровка айылында — 18,6 пайызга, Талас — 16 пайызга, Кербен — 14,4 пайызга, Баткен шаарында — 14,1 пайызга өскөнү катталды.
Ошону менен бирге дизель күйүүчү майына болгон чекене баа орточо көрсөткүчтөн жогору болуп Баткен (бир литр үчүн 46,10 сом), Исфана (бир литр үчүн 44,98 сом), Ноокат (бир литр үчүн 42,90 сом), Ош (бир литр үчүн 41,23 сом), Кара-Суу (бир литр үчүн 41,20 сом), Кербен (бир литр үчүн 41,00 сом) шаарларында белгиленген, ал эми төмөнкү баалар Нарын (бир литр үчүн 38,40 сом), Балыкчы шаарларында (бир литр үчүн 38,60 сом), ошондой эле Чаек жана Покровка айылдарында (бир литр үчүн 39,50 сом) байкалды.
Дизелдин баасынын өсүшү 11-мартка карата өткөн ай менен салыштырмалуу Кара-Балтада 12,8 пайызга, Баткен шаарында 12,5 пайызга жана Покровка айылында 11,3 пайызга өскөнү катталды.