Кыргызстанда кумшекер жана өсүмдүк майын кымбат баада саткан 23 факты аныкталды
Кыргызстанда кумшекер жана өсүмдүк майын кымбат баада саткан 23 факты аныкталды. Бул тууралуу Монополияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Кеңешбай Тайлаков брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө ички рынокто баалардын кескин өсүшү кумшекер, өсүмдүк майы, жумуртка жана сабизде байкалууда.
“Өсүмдүк майы жана кумшекерди жөнгө салуу боюнча министрлер кабинетинин токтому чыккан. Учурда аталган эки азыкка тийиштүү соода үстөктөрүн белгилегенбиз: Чүй, Бишкек, Ысык-Көл, Талас, Нарында 10 пайыз, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облусунда 13 пайыздык үстөк менен көзөмөл иш-чараларын жүргүзүүдөбүз. Өлкө боюнча жалпы 313 объектте 48 текшерүү болуп, үстөктөн ашкан 23 факты аныкталды”, - дейт ал.
Тайлаков ЕАЭБ өлкөрүндөгү бааларга аналитикалык изилдөө иштер жүргүзүлүп жатканына токтолду. “Кумшекер Арменияда чекене баасы 90-98 сом, дүң баасы 85 сом, Беларуста чекене баасы 65 сом, дүң баасы 58 сом, Казакстанда чекене баасы 76 сом, дүң баасы 60 сом, Орусияда чекене баасы 54-60 сом, дүң баасы 52-55 сом, Өзбекстанда чекене баасы 66 сом, дүң баасы 60 сом, Кыргызстанда болсо чекене баасы 65 сом, дүң баасы 58 сомдон бааланууда. Бир литр өсүмдүк майы Арменияда чекене баасы 222-230 сом, дүң баасы 190-200 сом, Беларуста чекене баасы 145 сом, дүң баасы 135 сом, Казакстанда чекене баасы 135 сом, дүң баасы 115-120 сом, Орусияда чекене баасы 130-160 сом, дүң баасы 110-130 сом, Өзбекстанда чекене баасы 150 сом, дүң баасы 135 сом, Кыргызстанда болсо чекене баасы 150-170 сом, дүң баасы 140-160 сомго сатылат”, - деди агенттиктин жетекчиси.