SerepTV Logo

Министрлик: Кыргызстанда коронавирустун мутацияланган штаммы табыла элек

Министрлик: Кыргызстанда коронавирустун мутацияланган штаммы табыла элек
Кыргызстанда COVID-19дун мутацияланган штаммы табыла элек. Бул тууралуу SEREP MEDIA маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Мекеменин маалыматы боюнча, мутацияны аныктоо үчүн анализдер Орусия жана Нидерландыга жөнөтүлүп, анализдердин жыйынтыгында вирустун жаңы штаммы аныкталган эмес. Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Тазабек Икрамов саламаттыкты сактоо министри парламенттин жыйынына келип коронавирустун жаңы штаммы тууралуу маалымат берүүсүн талап кылды.
Unknown Author