SerepTV Logo

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталат

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталат
Кыргызстанда коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталат. Бул тууралуу 25-мартта Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Эмдөө Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда башталат. 19-мартта Кытайдын «Синофарм» вакцинасынын 150 миң дозасы Кыргызстанга алынып келген. Бул доза 75 миң адамга жетет. Эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Биринчи этапта медицина кызматкерлери, мугалимдер, социалдык кызматкерлер жана башкалар эмдөөдөн өтүшөт.
edita