SerepTV Logo

Кыргызстанда коронавируска каршы эмделгендердин саны 86 миңден ашты

Кыргызстанда коронавируска каршы эмделгендердин саны 86 миңден ашты
Кыргызстанда өткөн суткада коронавируска каршы эмдөөдөн 1 миң 966 адам өттү. Алардын ичинен 1 миң 135ине экинчи доза сайылды. Жалпы 86 миң 72 адам эмдөөдөн өтүп, алардын ичинен 40 миң 294ү вакцинанын экинчи дозасын алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты. Аймактар боюнча алганда: - Бишкекте – 21 миң 122; - Ошто – 6 миң 715; - Чүй облусунда – 14 миң 242; - Ош облусу – 11 миң 855; - Ысык-Көл облусу – 8 миң 167; - Талас облусу – 4 миң 208; - Нарын облусу – 4 миң 485; - Жалал-Абад облусу – 11 миң 498; - Баткен облусу – 3 миң 780. Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.
Unknown Author