SerepTV Logo

Кыргызстанда коронавирус дагы 164 адамдан табылды

Кыргызстанда коронавирус дагы 164 адамдан табылды

Кыргызстанда 1-апрелге карата COVID-19ду жуктуруп алган жаңы 164 учур катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Алардын ичинен 126 адамдын вирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталган, 38 адам пневмония менен кайрылган.

Бир сутка ичинде жалпысынан 88 бейтап айыкты, Бишкекте бир адам каза тапты.

Кыргызстанда жалпы COVID-19 инфекциясынын 88 538 учуру катталды.

Жалпы айыккандардын саны 84 897 адам. Каза болгондордун саны 1500 адамга жетти, анын ичинде:

COVID-19 U07.1 – 471 учур,

COVID-19 U07.2 – 1029 учур.

Unknown Author