SerepTV Logo

Кыргызстанда койлорго электрондук чип тагыла баштады

Кыргызстанда койлорго электрондук чип тагыла баштады
Кыргызстанда биринчи жолу эт-май багытындагы “Арашан” породасындагы койлорго электрондук чип тагылып, атайын чыгарылган маалымдоого киргизилип, асыл тукум карточкалары толтурулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Чип - анча чоң эмес электрондук каражат. Анын жардамы менен койлорго аралыктан идентификациялоо жүргүзүүгө мүмкүн. Чип киргизүүнүн алдында койлор толук көзөмөлдөн өткөрүлөт, бул жараян электрондук маалымдамага киргизилет. Кыргыз “Арашан” эт-май багытындагы породасы 1970-2021-жылдары Кыргызстанда фермердик мал чарбасында чыгарылган. Учурда өлкө боюнча мындай породадагы 5800дөй кой бар. Козуларынын болжолдуу баалары 500 доллар, ал эми койлору 5000 доллардан жогору. Бул “Арашан” эт-май багытындагы жаңы кой породасын каттоо ишине 33 фермер жана илимий адис активдүү катышып, авторлукту алышкан.