SerepTV Logo

Кыргызстанда жакынкы 14 күндө коронавируска чалдыккандар көбөйөт

Кыргызстанда жакынкы 14 күндө коронавируска чалдыккандар көбөйөт
Кыргызстанда жакынкы 14 күндө коронавируска чалдыккандар көбөйөт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч азыркыга караганда 8-9 эсе көп болушу мүмкүн. “Биринчи пандемия учурунда 2020-жылы апрель-майда карантин киргиздик, оору жугузгандар кескин азайган. Математикалык ыкма боюнча ошол учурда майда күнүнө 4 миңден 16 миңге чейин оору аныкталышы мүмкүн деген божомол болгон. Ошентип, карантин өз натыйжасын көрсөттү. Андан кийин жай бою эл иш-чараларды өткөрбөй, бет кап тагынып, колун жууп, санитардык нормаларды сактап жатып оору азайган. Азыр биз жарандар санитардык нормаларды сактоону унутуп калышканын байкап жатабыз”, - деди Нурматов. Нурматов жарандарды санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди – колду жууп туруу, бет кап тагынуу, коомдук иш-чараларга катышпоо, аралыкты сактоого жана эмдөөдөн өтүүгө чакырды.
Unknown Author