Кыргызстанда имамдар арасында республикалык сынак өткөрүлмөкчү: MBANKтын MIslamiс кызматы исламдагы каржы билимдерин өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт
Кыргызстанда имамдар арасында республикалык сынак өткөрүлмөкчү: MBANKтын MIslamiс кызматы исламдагы каржы билимдерин өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт.
Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) MBANKтын MIslamiс долбоорунун колдоосу менен өлкө боюнча имамдар арасында кеңири масштабдуу сынак өткөрмөкчү. Сынакка 2500 имам катышат. Бул иш-чара ислам укугу жана ислам банкинги боюнча диний сабаттуулукту жогорулатууга багытталган. MIslamiс бул демилгеге чоң колдоо көрсөттү.
Колдоо – жаңы стандарттарды аныктайт
MIslamiс долбоорунун бул сынакты колдоосу КМДБ менен болгон стратегиялык өнөктөштүктүн натыйжасы. MBANK Шариаттын принциптерине ылайык каржылык кызматтарды гана көрсөтпөстөн, ошондой эле мусулман жамаатынын жашоосуна активдүү катышууну максат кылат.
Билим – өнүгүүнүн негизи
Сынакка даярдануу максатында КМДБ жана MIslamiс биргелешип Кыргызстандагы бардык мечиттерге 2500 нускада эки негизги китепти чыгарып, таркатышты:
- «Мухтасар аль-Викоя» – бул китепте ханафий мазхабына ылайык мусулмандын күнүмдүк жашоосу боюнча эрежелер кеңири баяндалган. Ар бир имам үчүн бул негизги колдонмо болуп саналат.
- «Ислам банкинги» автору Тажидин Эшанкулов – бул китепте Шариатка ылайык болгон бардык банктык жана соода операциялары боюнча суроолорго кеңири жооптор берилген жана ислам каржылоосунун өзгөчөлүктөрүнө терең көңүл бурулган.
- Беш республикалык байге төмөнкү суммаларда ыйгарылат: 50 000 сом, 40 000 сом, 30 000 сом, 20 000 сом, 10 000 сом. Республикалык байгелердин жалпы суммасы: 150 000 сом.
- Алты облустук байге — ар бири 70 000 сомдон. Облустук байгелердин жалпы суммасы: 420 000 сом.