Кыргызстанда эл каттоо сентябрь айында электрондук форматта жүргүзүлөт. Ага канча каражат сарпталат?
Кыргызстанда эл каттоону сентябрь айында электрондук форматта өткөрүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин статистикалык каттоолор бөлүмүнүн башчысы Римма Чыныбаева билдирди.
Анын айтымында, 25 миң эл каттоонун катышуучулары смартфонго жүктөлгөн атайын программадагы маалыматтарды толтурушат.
“Эл каттоо Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Ош шаарында пилоттук форматта жүргүзүлдү. Сентябрь айында эл каттоо 10 күнгө созулат. Бул убакыт аралыгында, ар бир каттоодон өткөрө турган адам өз аймагын кыдырып, эл менен маектешүүгө жетишиши керек”, - деди Римма Чыныбаева.
Мындан тышкары, ал эл каттоого 320 миллион сомдон ашык каражат сарпталарын айтты.