SerepTV Logo

Кыргызстанда эл аралык көп функционалдуу бажы-логистикалык борбору курулат

Кыргызстанда эл аралык көп функционалдуу бажы-логистикалык борбору курулат
Аламүдүндө 21 миллион долларга Борбор Азиядагы эң чоң “Global hub” көп функционалдуу бажы-логистикалык борбору курулат. Анын пайдубалына мезгил кутучаны Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев салды. Адылбек Касымалиев “Global hub” бажы-логистикалык борбору – эл аралык жана аймактык сооданы колдоо менен Борбор Азиянын логистикалык инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү звено боло турган стратегиялык долбоор экенин билдирди. Белгилей кетсек, “Global hub” көп функционалдуу бажы-логистикалык борборунун жалпы аянты 136 миң чарчы метрден ашат, анын 120 миң чарчы метрин супер кампалар түзөт. Супер кампаларда — температуранын туура болушу, тамак-аш жана башка тез бузулуучу жүктөр үчүн атайын муздаткычтар, өлкөгө канчалаган дары-дармектер кирет, аларды сактоо үчүн складдар эл аралык стандарттарга жооп берет. Ошондой эле, кургак кампалар, бондалык кампалар болот. Маалым болгондой, инвестициялык долбоорду ишке ашыруучу тарап “Алканов Групп” ЖЧКсы. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="266243,266244"]